Токтогулдагы суунун көлөмү азаюуда

7 февраля 2022, 09:45

Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 840 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.

Белгилеп кетсек, былтыр ушул маалда суу сактагычта 10 млрд метр кубдан ашык суу болгон.