«Бир айыл – бир өнүм» долбооруна бир гана Чүй облусу катышпайт

16 декабря 2022, 14:28

Экономика министрлиги Президенттик аппараттын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишмердүүлүгүн сындады. Ага негизги себеп “Бир айыл-бир өнүм” долбооруна Чүй облусу жетиштүү деңгээлде маани бербегени болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Мындай жоопкерчиликсиз мамиле Чүй бизнесине зыян гана келтирип, сатуунун географиясын кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберет”, - деди Экономика министри Данияр Амангелдиев «Бир айыл – бир продукт 2022» улуттук бренд сынагы учурунда. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө долбоордун иш-чараларына Кыргызстандын алты облусунан келген аймактык өндүрүүчүлөр катышууда.

Министр билдиргендей, бүгүнкү күндө министрлик “Бир айыл – бир өнгүм” улуттук долбоору жөнүндө президенттин жарлыгынын долбоорун иштеп чыгууда. Атайын жеңилдетилген финансылык линия да ачылат. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүнөт, ошондой эле жергиликтүү каражаттар да кошулат. Келерки жылдан тарта агенттик “Бир айыл – бир өнүм” долбоорунун Ысык-Көл моделин колдонуу менен ата мекендик өндүрүш товарларын жергиликтүү жана тышкы рынокко жылдыруу үчүн долбоордун толук циклин баштоону пландаштырууда.