ЕАЭБде Казакстан гана экспорт жана импорт үчүн төлөмдөрдү сом менен жүргүзөт
Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ичинен товарлардын экспорту жана импорту үчүн төлөмдөрдү сом менен жүргүзгөн жалгыз өлкө Казакстан. Бул тыянакты ЕЭКтин маалыматтарынын негизинде жасоого болот.
Буга чейин “Акчабар” 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз сому менен эсептешүүлөр ЕАЭБде байкаларлык өскөнүн, анын үлүшү 0,6%га көтөрүлгөнүн жазган.
Бардык өсүш Казакстандын сом менен эсептешүүсү менен ишке ашкан. Казакстанга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо боюнча өз ара түшүүлөрдүн түзүмүндө сом 0,2%ды түзүп, бардыгы болуп 16 бүтүм жасалган. Ал эми Кыргызстанга импорт боюнча 6%ды түзүп, 649 бүтүм түзүлгөн.