Кыргызстан ЕАЭБде 2023-жылды профицит менен жапкан жалгыз өлкө

1 марта 2024, 13:32

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде республикалык бюджеттин чыгашасы кирешеден ашып, бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ошол эле учурда Армения, Казакстан жана Орусиянын республикалык бюджети дефицит менен аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу бюджеттин таңсыктыгы Арменияда (5,2%га), Казакстанда (30,5%га) көбөйүп, Орусияда (2%га) азайган.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын республикалык бюджетинин профицити 13,54 млрд сомду түздү. “Акчабар” буга чейин бул тууралуу жазган.