Күрөөканалардын үчтөн бири гана уставдык капиталын бир млн сомго жеткирди
Финансылык көзөмөл органы күрөөканалар тууралуу “Өкмөттүн банктык эмес финансы рыногу маселелеринин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл 15-ноябрга карата Кыргызстанда 412 күрөөкана катталган. Алардын ичинен 131 күрөөкана (32%) гана Министрлер кабинетинин токтомунун талабына ылайык, уставдык капиталын 1 миллион сомго чейин көтөргөн.
Өкмөттүн токтому боюнча, күрөөканалар 2022-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталдарын 1 миллион сомго жеткирүүгө милдеттүү эле.