Толкунбек Исаков: Майыптыгы бар адамдар шайлоо жараянына активдүү катышууда

24 ноября 2021, 14:50

Майыптыгы бар адамдар шайлоо жараянына активдүү катышууда. Бул тууралуу “Альянс” партиясынын талапкери Толкунбек Исаков шайлоочулар менен болгон жолугушууда айтты.

“Кыргызстанда 200 000ден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Мен 21 жылдан бери алардын укуктарын коргоп келгендиктен, өлкөнүн булуң-бурчунан менин талапкерлигимди колдоп жатышат. Мен баардыгына ыраазычылык билдирем”, - деди Исаков.

Ал ар бир жарандын укугу бирдей экенин эскертип, майыптыгы бар адамдар толук кандуу жарандар менен аралашканга, билим алганга, эмгектенге шарттар түзүлүшү керектигин кошумчалады.

“Алар өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат. Мен болсо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргойм. Жогорку Кеңеш – мыйзам чыгаруучу орган. Сапаттуу мыйзамдар аркылуу гана майыптыгы бар адамдардын жашоосун өзгөртүүгө болот”, - деди Исаков.

АЛЬЯНС - №3  - БИР КҮЧ!

Толкунбек Исаков – №25

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.