Бишкектиктердин колунда 1.3 млн даана банк карталары бар

18 февраля 2021, 10:10

Бишкек шаарындагы төлөм карталар менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 57.7% түзөт. Эң төмөн көрсөткүч Талас облусунда – 2.4% катталган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жалпы банк карталардын 1.3 млн даанасы бишкектиктерге таандык. 

Төлөм карталарынын 556 миң даанасы Ош облусунун, 487 миң даанасы же 14.4% Жалал-Абад облусун банк колдонуучуларында.

Эң төмөн көрсөткүч Баткен (6.1%), Нарын (4.8%) жана Талас (3.4%) облустарында катталган.