Тоо-кен казуу ишканалары региондорду каржылайт

28 января 2020, 11:00

Өкмөт тоо-кен казуу ишканалары менен, региондорду өнүктүрүү фондун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 27-январдагы өкмөттун жыйынында билдирди. 

 



Анын айтымында, Кумтөрдүн эсебинен эки фонд түзүлгөн.

Фонддо региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктө бүгүн 5 млн $ бар, жаратылышты өнүктүрүү Фондунда - 57 млн $ бар. 

Бул каражаттар региондорду өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп берет, деп билдирди Боронов.