2019 - жылы тоо-кен казуу компаниялардан 13 млрд сомго жакын салык түшкөн

29 января 2020, 10:00

2019 - жылы тоо-кен казуу компаниялардан 12 млрд 999 млн 254 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов ЖК жыйынында билдирди. 

7 млрд 549 млн 751 миң сом Кумтөрдөн, калган ишканалардан - 5 млрд 449,5 млн сом салык келип түшкөн. 

2018 - жыл менен салыштырып караганда, 2019 - жылы салыктын көлөмү 1 млрд 555 млн сомго, 113,6 пайызга көп чогулган.