Тоо-кен тармагы боюнча кодекс иштелип чыгат

1 февраля 2021, 09:25

Президент Садыр Жапаров «кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат. 

 

Кол коюлган Жарлыкка ылайык, лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканалардан сырткары, мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуу компаниясы гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүү керек болот. 

 

Кошумчалай кетсек, депутаттарга 2021-жылдын 1-июлуна чейин кодексти иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.