Топ-20га кирген Кыргызстандагы салык боюнча ири карызы барлар

18 февраля 2022, 14:48

Мамлекеттик салык кызматы мамлекетке ири өлчөмдө салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмесин жарыялады.

Жалпы карыздын өлчөмү 1,6 млрд сомдон ашат. Анын 970,9 млн сому жыйырма ири карызы барларга туура келет. Алардын арасында “Бишкек машина куруучу завод”, “Бишкек штамптоочу завод”, “Кы-Тай” Кыргыз нефть инженердик-технологиялык компаниясы бар.

Башка ири карызы барлардын ичинен: “Олимпиадалык резервдер спорттук мектеби” (4 млн 946,9 миң сом), “Чолпон-Ата” эс алуу үйү (4 млн 541,9 миң сом), “Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” (2 млн 794 миң сом), “Чолпон” фабрикасы (1 млн 341 миң сом), “мамлекеттик менчиктин улутташтырылган объектилерин башкаруу жана тескөө боюнча мекемеси” (1 млн 425,1 миң сом), “Ала-Тоо” эс алуу үйү (1 млн 193,4 миң сом).