Төрага Дастан Жумабеков этникалык кыргыздарга жардам көрсөттү

29 апреля 2020, 12:00

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы, Кадамжай жана Баткен райондорундагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. 

Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин катышуусу менен 130 үй-бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы таратылды. Көмөк алгандардын көпчүлүгү коңшу Өзбекстандан жер которгон этникалык кыргыздар болсо, калганы Тажикстандан келген журтташтар.