Кырдаалдан улам Бишкектеги соода борборлор жабылып жатат
Бишкек шаарындагы соода борборлор өлкөдөгү саясий туруксуз кырдаалдан улам жабылып жатат. Айрым соодагерлер талап-тоноочулуктан чоочуркап товарларын алып чыгышууда. Бул тууралуу «Акчабарга» окурман кабарлады.
Азыркы учурда «Дордой Плаза», «Бордордук универсалдык магазин», «Караван», «Детский мир» соода борборлору жабылды. Андан сыррткары, 19:00 «Бишкек парк» жана 19:30 — ГУМ «Чынар» жабылат.
Редакцияга билдиришкендей, эртең «Дордой Плаза» соода борбору ишин кайрадан жандандырат.