Чекене соода түйүндөрүнө канттын баасын 12.76% га төмөндөтүү сунушталды

20 августа 2021, 13:35

Кыргызстанда кумшекердин баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Монополияга каршы агенттик кант баасын 12,76% төмөндөтүүнү соода түйүндөрүнө сунуштады. 

Коомдук мааниси бар продукциянын баасын төмөндөтүү үчүн "Кошой" кант заводу менен чекене соода түйүндөрүнүн дүң сатуу баасын килограммына 52 сом деңгээлинде белгилөө боюнча келишим түзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө республикада кумшекердин орточо рыноктук чекене баасы килограммы 61,9 сом деңгээлинде түзүлдү. Бирок чекене соода түйүндөрүнүн дүң баасын төмөндөтүү боюнча макулдашууларга байланыштуу аларга килограммын сатуунун баасын 54 сомго чейин коюу сунушталды", - деп билдиришти мамлекеттик агенттиктен.

Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин кант импорту үчүн өлкөдө кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы белгиленген.