«Торугарт» өткөрмө бекети жүк ташыган унааларды өткөрбөй жатат

8 февраля 2023, 14:02

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт" өткөрмө бекети жүк ташыган унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизди. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мунун себеби Кытайга барчу жолдо таш түшкөндүгү менен байланыштуу. 

Учурда Кытай тарап трассаны тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда, “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатат.