ЕАЭБ: маркировкасы жок товарлар жок кылынат

10 июня 2021, 10:20

ЕАЭБ мейкиндигинде 19-майда ЕАЭК Кеңеши тарабынан Бажы биримдигинин чечимине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык атайын маркировкасы жок товарлар жок кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды.

Жөнгө салынуучу продукциянын ар бир партиясы, ошондой эле жыгач таңгактары жана бекитүүчү материалдар карантиндик бирдиктүү фитосанитардык талаптарга ылайык маркаланууга тийиш.

Эгерде маркировка жок болсо, ыйгарым укуктуу орган бул өнүмдү ташып келүүгө же анын транзитине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат, ошондой эле жок кылууга жөнөтө алат.