Кыргызстан 2019-жылы 1 миллион тоннадан ашуун товарын экспортко чыгарды

7 января 2020, 09:30

2019-жылы экспортко чыгып жаткан 1 миллион тоннадан ашуун товар текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу КР Айыл чарба,  тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. 

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Мамлекеттик чек арада фитосанитардык көзөмөлдү бир жыл бою жүргүзүшкөн. Андан сырткары, экспорттолуп жана импорттолуп жаткан товарларга кароо жүргүзүлүп, сактоо талаптары көзөмөлгө алынган.

Кыргызстан 2019-жылы Россия Федерациясына, Өзбекстанга, Түркияга жана 14төн ашуун жакынкы өлкөлөргө өзүнүн товарын экспортко чыгарган.