Кыргызстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү дээрлик 6 эсеге өстү

17 апреля 2023, 14:04

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 578% өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетb билдирди. 

Маалыматка ылайык, экспорт (136 млн 564,5 миң сом) импорттон (96 млн 140,9 миң сом) 40 млн 423,6 миң сомго көп болду. 

Белгилей кетсек, экспорт минералдык отун жана мунай өнүмдөрү (42 млн 272,2 миң сом), ал эми импорт өзөктүк реакторлорду, от казандарды, жабдууларды жана механикалык аппараттарды (26 млн 247,6 миң сом) сатып алуу менен камсыздалган.