Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4 млн долларга кыскарды

30 июля 2021, 13:30

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4 миллион долларга кыскарды. Буга чек арада болгон соңку окуялар себеп болду. Бул тууралуу Тажикстандын бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода бүгүн маалымат жыйынында билдиргени AsiaPlus жазды. 

Анын айтымында, учурда Кыргызстан аркылуу жүк ташуу дээрлик жокко эсе.

"Орусиядан товарлар Кыргызстан аркылуу келчү. Биз азыр альтернатива таптык - жүк ташуучу унаалар Өзбекстан аркылуу келет. Тажикстандын товарлары бар алты жүк ташуучу унаа учурда Кыргызстанда кармалып турат, бирок маселе чечилип жатат", - деди ал.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен 30 адам каза болуп, 100дөн ашык киши жаракат алган, үйлөр, мектептер жана башка объекттер күйүп кеткен.