Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү төрт эседен ашыкка өстү

23 мая 2022, 12:28

Ушул жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча (январь айынан март айына чейин) Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү Кытай болуп, республиканын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33,9% түздү.

Каралып жаткан мезгилде өлкөлөр 714 миллион 399,9 миң долларга соода жүргүзүшкөн. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 172 миллион 536,9 миң долларды түзүп, 4,1 эсеге өскөн.

Кошумчаласак, дээрлик бардык сумма Кытайдан келген импорттун эсебинен камсыздалат. Ал 706 миллион 382,4 миң долларга бааланган (өсүү 4,4 эсе). Экспорт тескерисинче 11 млн 322,7 миң доллардан (-29,2%) 8 млн 17,4 миң долларга кыскарган.