Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы товар жүгүртүү эки жылдын ичинде болжол менен 7 миллион долларды түздү

26 апреля 2021, 12:00

2018-2019-жылдары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода жүгүртүү болжол менен 7 миллион долларды түздү, деп билдирди Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда.

Анын айтымында, 2018-жылы товар жүгүртүү 7 миллион 128,8 миң долларды, 2019-жылы 6 миллион 975,1 миң долларды түзгөн. Мындан тышкары, экспорт 1 миллион 986 миң долларды, импорт 4 миллион 989 миң долларды түзгөн.

"Венгрия Кыргызстанга механикалык шаймандарды, электр машиналарын, парфюмериялык жана косметикалык продукцияларды, ошондой эле желим буюмдарды жөнөтөт. Көркөм буюмдар жана телефондор экспорттолот", - деди Бекболот Алиев.