Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү 9,6%га кыскарды

28 марта 2023, 14:49

Кыргызстанда январь айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 28,6 миллион долларга кыскарганын Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, жылдык салыштырганда Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү Россиядан импорттун көлөмүнөн улам 9,6%га кыскарган.

Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү ЕАЭБдин үлүшү 32,2%ды түзөт.

Армения менен Казакстанда ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода 2023-жылдын январында 330,9 миллион долларга (2,4 эсе) жана 2022-жылдын январына карата тиешелүүлүгүнө жараша 342,1 миллион долларга (1,2 эсеге) өскөн.

Армениянын тышкы соодасында ЕАЭБдин үлүшү 8,4 пайыздык пунктка өсүп, 43,6%ды түздү. Казакстандын тышкы соодасында - 20,8%ке чейин болду.