Кыргызстан менен АКШнын соода жүгүртүүсү 16,4% кыскарды

16 декабря 2022, 14:16

Ушул аптанын 14-декабрында Дүйнөлүк Соода Уюмунун штаб-квартирасында Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарынын соода саясатынын кароосуна катышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер, ошондой эле соода-сатык маселелери талкууланды.

Экономика министрлигинин ДСУдагы өкүлү Нурбек Максүтов Кыргызстан үчүн ВСП+ макамынын ролун жана маанисин жана Кыргыз+АКШ ишкер кеңешинин алкагында эки өлкөнүн бизнес компанияларынын кызматташтыгын белгиледи.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы АКШ менен тышкы соода жүгүртүү 105 миллион 566 миң долларды түзгөн. Бул жылы ал 16,4%га азайган. 

Нурбек Максүтов товарларды соодалоодон тышкары тейлөө тармагында, өзгөчө туризм, инвестиция, өндүрүш жана айыл чарба тармагында кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.