Кыргызстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү 7 млн$ түзгөн

20 февраля 2020, 09:29

2019-жылы Кыргызстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү 7 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен болгон жолугушууда билдирди. 

Министр билдиргендей, товаржүгүртүүнүн көлөмүнүн аздыгына карабастан, Кыргызстан менен Венгриянын экономика байланышы позитивдүү деңгээлде өнүгүп жатат. 

«Азыркы учурда 2020-жылга өкмөт аралык кош салыкты жоюу жана инвестицияларды эки тараптан коргоо боюнча суроолорго макулдашуулар жүргүзүлүп жатат», —  деп билдирди ведомствонун жетекчиси.