Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода жүгүртүү 80%га өстү

20 марта 2023, 11:08

Былтыр Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүү 125 миллион долларды түзгөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80%га көп. Бул тууралуу Кыргызстан-БАЭ бизнес форумунун жүрүшүндө айтылды. 

Өткөн жылы Кыргызстандын БАЭге болгон экспорту 101 миллион долларды түздү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 84%га көп.

Былтыркы жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстанга болгон импорту 25 миллион долларды түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 66%га көп.