Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 11,9 млн долларды түздү

16 марта 2023, 11:40

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү 11,9 миллион долларды түзсө, анын ичинен экспорт 1,3 миллион доллар, импорт 10,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу эки тараптуу инвестициялык форумдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Атап айтканда, Пакистандан Кыргызстанга салттуу түрдө фармацевтикалык продукциялар, текстиль жана трикотаж кездемелеринен тигилген кийимдер, тамак-аш азыктары жана айыл чарба продукциялары (күрүч, чай, цитрус жемиштер, өсүмдүк майлары) алынып келинет.

Ошол эле маалда Кыргызстандан төө буурчак, тирүү мал жана териден жасалган тери экспорттолот.