Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода жүгүртүүсү дээрлик эки эсе өстү

6 октября 2022, 10:50

Ушул жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын Түштүк Корея менен соода жүгүртүүсү 65,2 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге өстү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда импорт дээрлик эки эсеге өсүп, 64,7 миллион долларды түзсө, экспорт 1,5 эсеге өсүп, 500 миң долларды түздү.

Анткен менен бүгүн Сеулда өтүп жаткан экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын жыйынында министр Данияр Амангелдиев эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын ишке ашпай жаткан потенциалын белгиледи.

“Кыргыз продукциясы Кореянын рыногунда өз керектөөчүлөрүн таба алат, анткени Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүп, экспорттоого жөндөмдүү. Өлкөлөр ортосундагы соода алмашууну илгерилетүү түз авиакаттамдардын ачылышын камсыздай алат”, - деди министр.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда административдик чектөөлөрдү жоюу жана инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу аркылуу инвестициялык режимди жана тышкы соода саясатын либералдаштыруу боюнча кадамдар жасалганын кошумчалады.

“2050-жылга карата Кыргызстан “жашыл өнүгүү” платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырууда. Көмүртексиз бул саясаттын локомотиви энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот”, - деп белгилеген Амангелдиев корей тарапты Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.