Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жетет

12 октября 2023, 16:35

Кыргызстан менен Орусия соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча чоң пландарды койду. Бул тууралуу Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, ал Владимир Путин менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы азыркы соода жүгүртүү мүмкүн болуучу потенциалга дал келбейт деген тыянакка келишкен. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Орусия аны 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат.

Жети айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 1 миллиард 542 миллион долларды түзсө, ошону менен бирге Кыргызстандын экспорту 422,9 миллион долларга, ал эми Орусиядан импорт 1,1 миллиард долларга бааланган.