Казакстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 638 млн долларга жогорулаган

17 февраля 2020, 11:30

2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, Казакстан менен Өзбекстандын өз ара соода жүгүртүүсү дээрлик 3.4 млрд долларды түзгөн. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 638 млн долларга көп. Бул тууралуу kursiv.kz порталы билдирди. 

Өзбекстандын бажы кызматы билдирген маалыматка ылайык, 2019-жылы Өзбекстандан Казакстанган 40 түрлүү товар, 1.487 млн долларга экспорттолгон. Ал эми Казакстандан Өзбекстанга 1.9 млрд долларга 38 түрлүү товар импорттолгон. Бул убакыт аралыгында эки өлкөнүн чек арасынан 16.2 млн жаран жана 718.1 миң автоунаа өткөн.