Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

20 августа 2021, 15:15

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусу болду.

Алар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары, анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр жай сыяктуу тармактарда кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Улукбек Марипов менен Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти жана экономикалык активдүүлүктүн акырындык менен калыбына келүүсүн жана өлкөлөр ортосундагы соодадагы оң динамиканы канааттануу менен баса белгилешти.

"Биз үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда 1 миллиард 5,5 миллион долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% га өскөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди аткарууга даярбыз", - деди Улукбек Марипов.