ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосундагы соода жүгүртүү 34% өстү

13 февраля 2023, 10:20

Былтыр 11 айда ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосундагы товар жүгүртүү 34%га өскөн. Ага ылайык, экспорт 94%га жогоруласа, импорт 11%га өскөн. Бул тууралуу ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев Индонезиянын Орусиядагы жана Беларустагы элчиси Хосе Таварес менен жолугушууда билдирди.

Тараптар ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун уюштуруунун так пландарын талкуулашты.

Ошондой эле, быйыл май айында Сочиде өткөн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында ЕАЭБ-Индонезия бизнес диалогун өткөрүү темасы да көтөрүлдү. Буга байланыштуу ЕЭКтин соода министри Индонезиянын соода министри Зулкифли Хасанга бул иш-чарада сөз сүйлөөгө чакыруу жөнөттү.