Тайота өзүнүн санариптик валютасын чыгарат

28 октября 2020, 10:15

Тайота компаниясы санариптик валюта чыгарууну көздөөдө. Жумушту Toyota Motors IT-компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу psm7.com басылмасы жазды. 

Маалыматка ылайык, валютаны тестирлөө компаниянын 2.5 миң кызматкери арасында жүргүзүлмөкчү. Санариптик валюталар кызматкерлерге социалдык төлөм катары берилет. Аны  блокчейн-капчыктарга  сактаса болот жана иштеп чыгуу учурунда атайын түзүлгөн каталогдогу товарларга алмашууга мүмкүн. Бирок, бул валютаны иенге алмашканга болбойт. 

Эгерде тестирлөө ийгиликтүү аяктаса, анда ишканалар ортосунда транзакция катары жүргүзүлүп турмакчы.