Түптө мамлекеттик кызматкер 1 млн сомду уурдоого шектелүүдө

1 февраля 2024, 16:00

Түп райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын эсепчиси 1 млн 100 миң сом уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. аттуу жаранды 1 млн 113 миң 765 сом суммасында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысын аныктады.