Тарамп президент болгондон бери жакырланды

11 марта 2019, 15:13

 АКШ  президентинин  байлыгы азайып,  президент болгондон бери  ага чейинки байлыктарынан кол жууп баштады деп жазат россиянын Forbes журналы.

Былтыр сентябрда байкалгандай Вашингтондогу Fox News менен Trump International Hotel жылдыздар менен чет элдик инвесторлор көп  келгенине карабай  Дональд Трамптын саясатынан улам, бул компаниялар кирешелүү болушкан эмес.

Басылманын баасы боюнча  АКШ лидеринин байлыгы 2015-жылы ал талапкер болуп чыкканда $4.5 млрд болсо, учурда ал $3.1 млрд түшүп калган.

Трамп шайлоо компаниясын баштагандан тартып, анын ысымын колдонууга макул болгон  көп команиялар аны менен келишимди жокко чыгарышкан. Serta Трамптын атындагы матрастарды чыгарбай койсо, PVH ушул эле аталыштагы кийимдер коллекциясын жабып, Macy’s аны дүкөндөрдөн алып салган. Торонто, Панама жана Нью-Йорктогу  өнөктөштөрү  президенттин атын имараттарынан алып салышкан. 

Дагы бир жаман жагдай, Трамп кызматка келип жатып, президенттик мөөнөтү учурунда чет элдик компаниялар менен келишим түзүүдөн баш тартканы анын бизнесин чектеп, мейманканаларды лицензиялоо кирешесиз калган. 

Шайлоого  катышып байлык топтоону максат кылбагандыгын билдирип келген Президент, былтыр байлыгы азайганын мойнуна алган.