Трамп Пентагондун акчасына дубал курбай калды
АКШнын Апелляциялык соту Коргоо министринин чечимин күчүндө калтырды. Трамп Мексика менен чектешкен жерге дубал курууга камынып келген. Бул тууралуу Associated Press билдирди.
Тогуз соттон турган АКШ Сан-Франциско шаарындагы апелляциялык коллегиясы Пентагондун каражатын колдонууга уруксат берген жок. Анткени, ал каражаттар Аризон менен Нью-Мексикадагы баңги затына каршы күрөшүүгө арналган.
Трамп АКШ менен Мексиканын ортосунда дубал курууга чамынып келген.
Конгресс $1.4 млрд долларды Техастын Рио-Гранд өрөөнүндө куруп, мыйзамсыз мигранттар кечкен жерди бууп коюну көздөгөн. Бул президент башында турган $5.7 млрд доллардан алда канча аз.
Ал эми Трамптын администрациясы АКШ мыйзамсыз мигранттардан коргоолууга зар.