Транспорт министрлиги жолдордун курулушун GPS аркылуу көзөмөлдөйт

27 января 2021, 14:45

Транспорт министрлиги жолдордун курулушун GPS аркылуу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Министрликтен белгилешкендей, навигаторлорду киргизүү техникаларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатат, күйүүчү майдын чыгашасын көзөмөлдөйт жана туура эмес пайдаланууну жокко чыгарат. Маалыматтар министрликтин жана жол чарба департаментинин сайтына жайгаштырылып турат. 

 

Азыркы учурда 133 техникада навигатор орнотулган жана навигатор койдуруу үчүн 440 унаа кезекте турат.