Жогорку Кеңештин октябрь айындагы чыгашасы 6.5% жогорулайт

19 октября 2020, 17:50

Октябрда Жогорку Кеңештин чыгашасы 40.6 млн сомду түзөт. Бул сентябрь айына салыштырмалуу 6.5% (37.9 млн сом) көп. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

Республикалык бюджеттин октябрь айындагы кассалык планына ылайык, ЖК башкаруу ишине 8.1 млн сом, гараж - 3.2 млн сом, төраганын резервдик фондуна 2.5 млн сом жумшалат. 

Муну менен катар чыгашанын көлөмү 10.4 млрд сомго жогорулайт.