Төрөбаев: ислам банк системасынын инструменттерин көбөйтүү пландалууда

14 марта 2023, 09:40

Кыргызстан ислам банк системасынын колдонулган инструменттеринин санын көбөйтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Ислам бизнеси жана инвестициялары форумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Бакыт Төрөбаев, быйыл 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда Ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү пландалып жатканын белгиледи.

“Документте исламдык баалуу кагаздар, исламдык камсыздандыруу, ошондой эле халал продукциясын өндүрүүчүлөрдүн исламдык инвестицияларга жана исламдык каржылоого жетүүсүн камсыздоо маселелери каралат”, - деп айтылат маалыматта. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ислам инвестициясынын негизинде ири долбоорлорду ишке ашырууга болоруна ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, 13-14-март күндөрү Бишкекте биринчи Ислам инвестициялык форуму (Ислам бизнеси жана инвестициялык форуму) “IBIF 2023” ишин баштады. Форум Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүнүн негизги аянтчасы болуу максатын көздөйт.

Форумду Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (IBIC), Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, JTA  эл аралык холдинги (Катар) жана Орус-араб изилдөө жана маалымат фонду (Сауд Арабиясы) уюштурууда.