Кара-Балтага 27 млн долларлык текстиль фабрикасы курулууда

3 марта 2022, 12:57

Кара-Балта шаарында 1200дөй жумушчу орунга ылайыкталган текстиль фабрикасынын курулушун 2027-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңешинин депутаты, буга чейин Кыргыз-Түрк Соода-өнөр жай палатасынын форумунун төрагасы катары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарына текстиль фабрикасын куруп жаткан “Декна Бишкек Текстиль” ишканасынын өкүлү Йылмаз Алдуз менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү маселелери талкууланып, тараптар текстиль фабрикасынын долбоору тууралуу баарлашты.

Белгилүү болгондой өткөн жылы курулушу башталган текстиль фабрикасы жалпы 93 миң чарчы метр жерге жайгашкан. Азыркыга чейин 10 млн доллар жумшалып, 2025-жылга чейинки 1-этабында 22 млн доллар сарпталаары мерчемделген. Ал эми долбоордун жалпы наркы 27 млн доллар деп эсептелген.

“Алгач 400дөй адам эмгектенип, күнүнө 20 тоннадай жип жана кездеме өндүрүлөт. 2027-жылы фабрика толук бүткөрүлсө, 1200дөй киши иштеп, күнүнө 100 тонна товар чыгарылат. Жумушчулардын көпчүлүгү аялдар болоору да болжолдонууда”, - деп билдиришти ЖКнын басма сөз кызматынан.

Андан сырткары, өндүрүлгөн товардын 85%га жакыны коңшу өлкөлөргө жана Европа мамлекеттерине экспорттолот.

Ишкананын өкүлү Йылмаз Алдуз белгилегендей, фабрика келечекте чийки сырьену да Кыргызстанда чыгарып, пахта өстүрүүнү колго алуу ниети бар.