Түркия үчүн ачылган атайын эсепке 97 млн сомдон ашык чогулду

7 марта 2023, 17:41

Бүгүн, 7-мартка карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 97 миллион 361 миң 489,97 сом чогулган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө акча которушууда. 

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-жайсыз күн кечирүүдө.