Түркия үчүн ачылган атайын эсепте 12 млн 350 миң сом чогулду

10 февраля 2023, 15:08

Учурда Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро түрүндө которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргызстандын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
Максаты: Түркияга ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.