Түркияда айыл чарба техникаларынын жана инновациялык технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өтөт

16 февраля 2022, 15:00

Түркиянын Конья шаарында 2022-жылдын 8-12 мартында айыл чарба техникаларынын, жабдууларынын жана инновациялык технологиялардын 18-ири эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө 20 өлкөдөн 440тан ашык компаниянын катышуусу күтүлүүдө.

Жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө катышууну каалаган бардык тараптар төмөнкү телефонго байланышып же электрондук дарекке кат жөнөтсө болот.

тел. +7 495 775 31 45 / 47, эл. почта: ladamaksimova@tuyap.com.tr;

tuyapmoscow@tuyap.com.tr