Түркияда үй жана ашкана буюмдарынын эл аралык жарманкеси өтөт

18 января 2023, 11:20

Ушул жылдын 2-5-мартында Түркиянын Стамбул шаарында Эл аралык Ambiyans үй жана ашкана буюмдарынын экспорт жарманкеси (Uluslararası Ambiyans Ev & Mutfak Ürünleri İhracat Fuarı) өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Жарманкеде түрк үй жана ашкана буюмдарынын алдыңкы бренддери көрсөтүлүп, өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулар жолугушат.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, бул жарманкеге кыргызстандык ишкерлер да катыша алат. 

“Бул жарманкеге тиричилик техникасы, ашкана буюмдары, декоративдик жасалгаларды, килемдерди, электрондук үй технологиясын дүңүнөн сатуучулар, ландшафттык дизайн тармагындагы сатуучулар, супермаркет ээлери, жарнама компаниялары ж.б катышса болот. Жарманкеге катышуу акысыз”,- деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, ушул эле күндөрү электр жана электрондук технологиялар жаатында "ISFA электр жана электрондук үй технологияларынын экспорт көргөзмөсү да өтөт.

Кошумчалай кетсек, жарманкеде уюштуруучулар мейманканада калуу, аэропорттон трансфер болуу, эртеңки мененки тамакты өздөрү камсыздайт. Катышуучулар жол акысы, котормо кызматы жана тамак-ашын өздөрү каржылашы керек.