Түркияда иштеген мигранттарга ипотека алуу шарттары түшүндүрүлдү

18 марта 2024, 16:28

Ушул жылдын 16-17-март күндөрү Стамбулда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү мекендештер менен жолугушуп алар үчүн жеңилдетилген шарттар менен ипотекага турак үй алуу мүмкүнчүлүгү туурасында айтып беришти. Бул тууралуу компаниянын маалыматына таянып "Reporter.kg" жазды. 

Маалыматка ылайык, мигранттар кызыгуу артып,  курулуштун жүрүшү, сапаты жана кайсы аймактардан ипотекага үй алса болоору боюнча суроолорду беришти.

“Мигранттар турак үйдүн баасынын жарымын баштапкы төлөм катары төлөп, калган 50 пайызын 15 жылдык мөөнөткө 8% менен ипотекага ала алат”, - деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик ипотекалык компания учурда 9 миңден ашуун батирдин курулушун каржылап, 20 миңден ашуун батирдин долбоордук-сметалык документациясы жүргүзүүдө.