Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

4 февраля 2022, 12:57

Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Түркиянн Измир шаарында иш сапарында жүргөн инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов Измир эркин экономикалык аймагынын шамал жана күн станцияларын өндүргөн ири компанияларында болду. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен билдиришти.

Баясов ишкерлерге Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы боюнча маалымат берип, түркиялык компанияларды өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде түрк өндүрүшчүлөрү Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө ар кандай колдоону берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Эскерте кетсек Измир аймагы Түркиянын күн жана шамал станцияларын өндүргөн жана аталган станциялардын эң көп жайгашкан аймагы болуп саналат.