Трой унциясы 34 долларга арзандады

25 июля 2021, 11:30

21-июлдан бери тазаланган алтындын салмагы 31 граммды түзүп, төмөндөө тенденциясы байкалууда. Муну менен 24-июлга карата трой унциясы 1,8% га же 34,5 долларга арзандады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, трой унциясынын 24-июлда кайра сатып алуу баасы 157 миң 221 сомду түзсө, 21-июлда наркы 160 миң 243 сом болду. Ошондой эле сатуу баасы 35 долларга төмөндөгөн.

1 грамм салмактагы тазаланган алтындын кунунун баасы 6357 сом, 2 грамм - 11 миң 612 сом, 5 грамм - 27 миң 723 сом, 10 грамм - 51 миң 491 сом, 100 грамм - 495 512 сом болууда.