Бишкектеги троллейбустардын ичине видеокамералар коюлат

27 февраля 2020, 17:30

Бишкектеги троллейбустарга байкоочу камералар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. 

Бишкек троллейбустук башкармалыгынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында троллейбустун ичине видео байкоо орнотуу үчүн тендер жарыяланды. 254 видеобкамераларды алууга шаардык бюджеттен 2 млн сом жумшалат. 

Ишкерлер конкурска 11-мартка чейин катыша алышат. 

Белгилей кетсек, муниципалдык автобустардын салонунда жана шаардык маршруткалардын 80% видеорегистраторлор коюлган.