Төрт жылда насыя портфелинин жалпы көлөмү 76,1 млрд сомго жогорулады
Акыркы 4 жылдын ичинде насыя портфелинин жалпы көлөмү 76,1 млрд сомго, же 59,5%га өстү Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр насыя портфелинин жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 76,1 млрд сомго, же 59,5%га өскөн. 2022-жылдын акырына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү:
- 2022-жылга 204,0 млрд сом,
- 2021-жылга 181,8 млрд сом,
- 2020-жылга 162,6 млрд сом,
- 2019-жылга 146,4 млрд сом,
- 2018-жылга 127,9 млрд сомду түздү.
Ошондой эле, 2022-жылы кредит портфелинин түзүмүндө эң көп көлөм узак мөөнөттүү насыяларга туура келет. Ага ылайык, узак мөөнөттүү насыя 166,7 млрд сомду (81,7%), ал эми кыска мөөнөттүү насыя 31,8 млрд сомду (15,6%) түзөт.
Банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын үлүшү 5,5 млрд сомду же 2,7%ды түздү.