Түштүк Корея ИИМге 170 миң долларга электромобилдерди алып берет

28 ноября 2023, 17:31

Түштүк Корея Ички иштер министрлигине жалпы суммасы 170 миң долларды түзгөн электромобилдерди акысыз берет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү документке ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ кол койду. 

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонсу, вице-консул Бан Ки Дон жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилери катышты.