Түштүк Кореяда иштөө үчүн 40тан ашык кыргыз жөнөп кетти

29 ноября 2023, 09:50

Кыргызстандык 44 жаран Түштүк Кореяда иштөө үчүн эмгек миграциясына кетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык уюштурулган. 

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө министрлик Улуу Британия, Италия, Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим түзүп, биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр.

Белгиленгендей, 15 жылдын ичинде Эмгек министрлиги Түштүк Кореянын ишканаларында 5 миңден ашуун кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылган. Учурда Кореяда EPS программасы боюнча 2 миңге жакын Кыргызстандын жараны эмгектенет.